"Эркин-Тоо"

Азамат Жаманкулов «Славян базары — 2022» сынагынын байге ээси Бек Исраилов менен жолукту

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Славян базары — 2022» эл аралык фестивалында 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын атын чыгарган белгилүү ырчы Бек Исраилов менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Азамат Жаманкулов Бек Исраиловго чыгармачылыгына ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын билдирди. Ошондой эле, өнөр жаатында өлкө даңкын эл аралык аренада таанытууда көрсөткөн аткаруучулук чеберчилиги үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.
Белгилей кетсек, 2022- жылдын 18-июлга караган түнү Витебск шаарында (Беларусь) 31-эл аралык музыкалык фестивалы жыйынтыкталып, кыргызстандык Бек Исраилов 3- орунду ээлеген. Музыкалык фестивалдын калыстар тобунун мүчөлөрү болуп, Лариса Долина, Вреж Кирокосян, Руслан Алехно, Микаэла Роуз (Арабеск тобунун солисти), Леонид Пташка, Марио Стефано Пьетродарчи жана Яна Клавина болгон.
Эске салсак, Бек Исраилов буга чейин Юрмалада өткөн “Новая волна” сынагынын лауреаты, Чолпон-Ата шаарында өкөн “Кадыр түн” сынагынын жеңүүчүсү жана башка эл аралык сынактарда баш байгелерди жеңгени менен белгилүү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!