"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Азаттык Арена» аталышы «Бишкек Арена» болуп өзгөртүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадионго расмий түрдө «Бишкек Арена» деген аталыш  берилди. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин стадион «Азаттык Арена» деп аталып келген. Бирок Президент Садыр Жапаров калктын пикирин эске алып, жыйын өткөргөндөн кийин көпчүлүктүн сунушу менен аталыш өзгөртүлдү.

Туманбаев кошумчалагандай, ири спорт объектиси 2026-жылдын августунда пайдаланууга берилет.