"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом Маанилүү

Аздан соң IV Элдик курултай башталат

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкек шаарында IV Элдик курултай башталып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Элдик курултай 25–26-декабрь күндөрү өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан шайланып келген 700 делегат катышат.

Курултайдын жүрүшү УТРК, ЭлТР телеканалдарынын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле расмий социалдык баракчаларда түз алып көрсөтүлөт. Түз эфир саат 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Элдик курултай 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жолу ал төртүнчү ирет уюштурулууда.