Азебайжан Армения менен чек арада аскердик машыгууларды өткөрүп жатат жана ага 15 миңге жакын аскер, 300гө жакын бронетехника, 400гө чукул ракеталык-артиллериялык куралдар, реактивдүү системалар, 50 даана аскердик самолёттор жана учкучу жок аппараттар катышууда деп билдирди Азербайжандын Коргоо министрлиги. Машыгуулар 20-майга чейин улантылат.