Азербайжанда никеге тургандардын саны көбөйүп, ажырашуулардын саны азайганы байкалды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирди.
2025-жылдын биринчи төрт айында Азербайжанда 14 миң 953 түгөй баш кошуп, 6 миң 784 ажырашуу катталган. Өлкөнүн адистери бул көрсөткүчтүн өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу аз экендигин билдиришти.