Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, 22-апрель күнү Азербайжандын Маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстанга келип, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Министр 1916-жылдагы Үркүндө каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Аны менен катар кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.
Меймандар мемориалдык комплекстин музейи менен таанышып, экспозициялар боюнча маалымат алды.