"Эркин-Тоо"

Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

КР ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жейхун Байрамов КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2024-жылдын 8-9-апрелинде келет.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.

Пример HTML-страницы