"Эркин-Тоо"

Ажобузга Асанкул аксакалдан ачык кат

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 Садыр Жапаровго

 Урматтуу Президент!

 Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну, 50 жыл билим берүү тармагында кызмат кылган, жергиликтүү кеңештердин 5 жолку депутаты, акыркы 3 чакырылышта (V-VI-VII-чакырылыштардын) айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген, жашы алты мүчөлдөн ашкан Асанкул Кадыракунов аттуу адам өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айыл аксакал-карыяларынын ой пикирлерин кат аркылуу билдирет.

Өлкөнү сиз башкарган мезгилден бери жакшы иштер аткарылып жатканына кубанычтабыз. Өзгөчө улуттук адеп-ыйман, каада-салт, нарк-насил, кыргыз жараны, Манас үчилтигин окуп үйрөнүү жөнүндө кабыл алынган Жарлыктар, кыргыз демократиясынын башаты болгон Элдик Курултайдын мыйзамдуу иштеши, улуттук идеологиянын стратегиясынын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын түзүлүшү мактоого да, колдоого да татыктуу. Бул Жарлыктарды турмушка ашырууга ар бир кыргыз баласы өз салымын кошот деген ишеничтебиз. Кабыл алынган Жарлыктар жана улуттук идеологиянын стратегиясынын кабыл алынышы кыргыз улутунун келечеги үчүн болгондуктан кыргыздарга байыртадан берилген өз ата-тегинде жазылганга кайтып келиш керек деп эсептейбиз. Миңдеген жылдар мурда кыргыз баласы жаралганда Алла Таала тарабынан жарыкчылыка келген балага атасынын уулу же кызы деген ат берилген. Болбосо Асан уулу Акмат же Асан кызы Айнагүл деген аттар коюлуп, өмүр бою ушул аттар менен аталып келген жана акыркы сапарга дагы ушул аттар менен узатылган. Буга далил табылган таштардагы “Мен кыргыз уулумун, мен кыргыз баласымын” деген жазуулар ошондой эле кыргыз жаралгандан бери айтылып жүргөн Манас — эпосунда Жакыптын уулу Манас, Манастын уулу Семетей, Семетейдин уулу Сейтек, Акундуз кызы Айчүрөк деп баардык адам аттары атасынын уулу, кызы деп берилген. Бир дагы жерде Ногоев Манас Жакыпович деп орусташкан фамилиялар кездешпейт. Кыргыз элинин Асанов, Акматов сыяктуу орусташкан фамилияны алганына бир жарым кылым болду. Фамилияны өзгөртүү менен орус тилине жана элине эч кандай каршылыгыбыз жок. Орус тили аркылуу биз дүйнөлүк маданиятка, адабиятка аралаштык. Илим менен техниканы үйрөндүк, орус тили баардык мектептерде жана азыр дагы жогорку окуу жайларында окутулат. Орус тилин дүйнөдө үч мамлекет расмий тил катары кабыл алса, ошонун бири биз кыргыздар болобуз. Орус эли менен мурда союздун учурунда бир эл болуп, бир туугандай жашасак азыр деле өнөктөш кошуна эл болуп, бир туугандай жашап жатабыз.

19-кылымдын орто ченинен баштап кыргыздын бийлик башындагылар орус падышачылыгына жазган каттарында Жантай уулу Шабдан, Ормон уулу Уметаалы деп каттар менен кайрылышкан. Орусиядан келген жооптордо Джантаев Шабдан, Урманов Умбетаалы деп орусташкан фамилиялар менен жооп берип турушкан. Кийин орус-тузем мектептери ачылганда анда окуй турган кыргыз балдарын орусташкан фамилиялар менен кабыл алышкан. Ошентип, 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында билим алган кыргыз балдары орусташкан фамилияга өткөн жана баардык документтерде кыргыздын фамилиялары орусташып кеткен. Кийин совет учурунда дагы мектептерде балдарды орусташкан фамилия менен кабыл алышкан. Ал учурда кыргызча “ата-тегибизче жазылабыз” деп маселе көтөргөндөр деле болбосо керек. 1963-жылы кыргыздардын өз ыктыярыбыз менен Орусияга кошулганыбыздын 100-жылдыгы белгиленген. Ошол учурда тарых, коом таануу сабактарына окуткан агайларыбыз “кыргыз эли жалпы совет эли менен ынтымакта жашап жатабыз. Келечекте Советтер Союзунда Коммунизм курулуп, жыргалчылыкта жашайбыз. Совет эли Совет улутун түзөт” — деп окутушкан агайлардын бул айткандары тескери чыгып, 1991-жылы Советтер Союзу тарап, совет улуту эмес совет эли да жок болду. Алардын арасында өз эгемендүүлүгүбүзгө ээ болгон Кыргыз Республикасы дагы бар. Бул эгемендүүлүк унутулуп бараткан кыргыз тили, каада-салты, нарк-насилди кайтарып, ал “өз ата-тегиңе кайтып кел” деген Алла Тааланын ишааратыбы деп билели.

Ошентип, 1991-жылы эгемендүүлүкө ээ болдук. Ошондо кыргыздар өз ата-тегибизче аталууга кайтып келе баштадык. Жаңы төрөлгөн балдарга атасынын уулу, атасынын кызы деген күбөлүктөрдү ала баштады. Алтургай, чоң эле адамдардын арасында жаңыча документ алгандар да болду. Жаңы документ алган балдар мектепке бара баштады. Мектепке барганда алардын аты жөнү үч сөз менен жазыла баштады. Мисалы, Асан уулу Акмат, Асан кызы Айнагүл. Мындай жазылуу агай-эжейлерге көнүмүш эмес. 2000-жылдарда башка өлкөгө соода-сатыка баргандар чек арадан өткөндө оорчулукту сезишкен. Ушуга байланыштуу 2000-жылдардан баштап жаңы төрөлгөн балдарга кайра эле орусташкан фамилиялар алына баштады. 1990-жылдары кыргызча документ алгандар азыр 30 жаштан өтүп калышты. Булардын көбү уулу, кызы деген сөздөрдү алып салып өзүнүн аты менен эле атасынын атын жазып калышты. Ошон үчүн уулу, кызы деген сөздөрдү атасынын атына кошуп эле жазууга өтүш керек. Бала атасынын үй-бүлөө мүчөсү, атасынын ишин улантуучу. Ошол себептен Асануулу, Асанкызы деп жазсак кыргыз тилинин эрежеси бузулуп деле кетпейт. Ошол эле грузиндерде Руставели, Джугашвили, Орджоникице деген фамилиялар дагы вели, вили, кице деген мүчө сөздөр. Армяндарда — ян деген мүчөлөр кандай маанини түшүндүрөөрүн биз билбейбиз. Бирок, ушундай сөздөр менен аяктаган фамилиялар кездешсе бүткүл дүйнө эли алардын грузин, армян экенин билишет. Биз дагы Асануулу, Асанкызы дегендей ата-жөнүбүзгө (фамилияга) өтсөк бүткүл дүйнө эли кыргыздарды ак калпак, элечегибизден эле тааныбай (аларды такай кийип жүрө албайбыз) уулу, кызы деген аты-жөнүбүздөн таанымак. Европалыктарды Джо Байденди туурап Кожо Байбек дебестен, Байбек уулу Кожо, Бакируулу Олжобай, Эсен кызы Анара, Беккожоуулу Нурлан деген жаман угулабы?

Дүйнөдө кыргыз улуту түбөлүккө калыш үчүн улуттук тили, каада-салты, нарк-насили сакталыш үчүн биринчи кезекте кыргыз баласы өз ата-тегинде жазылып жана аталып жүрүш керек. Ушул боюнча тийиштүү иш-чараларды көрүшүбүз керек. Ал эми мурунку фамилиялар менен мекемелерге, көчөлөргө ж.б.жерлерге коюлуп калган аттар ошол боюнча сакталыш керек. Азыркы учурда кайсы жерде жыйын өтсө жыйында жалан кыргыздар болсо деле бири-бирибизге Асан Акматович, Айнагүл Кубатовна деп орусча кайрылып, өзүбүздү маданияттуулуктун туу чокусуна жеткендей сезебиз. Кыргызча кайрылуу Манас бабабыздын заманынан эле бар. Мисалы: Сөз Акбалтанын Чубагында, кеп Айдаркандын Көкчөсүндө, кезек Эламандын Төштүгүндө деп айтылчу экен. Азыркы кайрылып аткандарга которуп айтсак Чубак Акбалтаевич болуп калат. Эламандын Төштүгүндө деген сөз орой угулса анда Эламануулу Төштүк мырза деп кайрылсак эн туура болот. Жогорку Кеңештин төрагасы жыйындарда депутаттардын атын атап, Асан мырза, Айнагүл айым деп көпчүлүк учурда кайрылып жүрөт. Мына ушул кандай жакшы угулат.

Жогоруда айтып кеткендей атажөнү бул фамилия дегендин ордуна колдонуш керек. Мисалы Асануулу, Акматкызы. Ал эми теги чоң атадан жогору баба, буба, кубар, жото, жетелердин биринин аты менен аталыш керек. Мисалы, бабасы Кубат болсо Кубаттеги же жетеси Капар болсо Капартеги болот. Кыргызда байыртадан ата-тегин жакшы билген кыргыз баласы өзүн-өзү даана таанып билет деп айтылып келген. Себеби, кыргыздар балдарына кичинесинен кыргыздын улуттук баалуулуктарын нарк-насил, каада-салтын, ата-тегин санжыра менен тааныштырып келишкен. Мындай жөрөлгөлөр кийинки учурда унутулуп калган. Мындай тарбия күн чыгыштагы бизче өңдөш бир туугандарда сакталып, аларда азыр дагы балдарын тили чыккандан 12 жашка чейин эне тилинде окутуп, улуттук баалуулуктарды үйрөтүп келишкен. Биз дагы ушундай тарбияга өтсөк эң жакшы боло турган. Байыртадан кыргыздар укум-тукумдагы тектүүлүгүнө өтө көңүл бурушкан. 19-кылымдын 30-жылдардын орто ченинде кыргыз элинин мыктылары тегинен үч хан чыккан деп Ниязбек уулу Ормонду хан көтөрүп алышкан. Ормон жаман хан болбогону жөнүндө тарыхта жазылып, айтылып калды.

Кыргыз баласы жаралгандан өзүнүн ата-тегин кыргызча атап, кыргыз тилинде сүйлөп, Кыргызстандын адеп-ахлагын, каада-салтын билип, Манас үчилтигинин мазмунун билип, эпосто айтылган улуттук баалуулуктарды билүү менен бирге турмушунда пайдаланып жүрүү кыргыздын улуттук идеологиясынын башатын түзөт деп ойлойбуз. Кыргыз жаралгандан тууганчыл, кыркынчы атадан кошулганын билсе дагы бири-бири менен “тууган турбайбызбы” — деп туугандык сезимдерин билдирет. “Кыргыз сураша келсе карын бөлө чыгат” деген сөз дагы ошондон калган. Кыргыз жети атасына чейинки тууганын кыз алышпаган тууган турбайбызбы дейт. Жети атадан өткөндөрдү кыз алышкан тууган турбайбызбы деп туугандык сезимин билдирет.

Урматтуу Президент Садыр иним!

Жогорудагы көтөрүлгөн маселелер боюнча кенешчилериниз менен кеңешесиз, академиктер менен акылдашасыз, окумуштуулар менен ойлонушасыз. Кудайдын кудурети, Алланын колдоосу, Эгемдин эрки менен, Ак-Кудайдын ниет-ишаараты менен орундалып, Жараткандын жардамы тийип, сиздин жетекчилигиңиз астында кыргыз баласы кыргыз ата-тегиңде жазылып, турмушка ашырылат деген ишеничтебиз. Миңдеген жылдар мурда Манас бабабыздын жасаган эмгеги бааланып “Кулаалы таптап куш кылган, Курама жыйып журт кылган” деген сөздөр жазылып, дүйнөнүн чар тарабына бабабызга эстеликтер тургузулууда. Мезгил өтүп, учуру келгенде “Кыргыздын унутулуп бараткан улуттук баалуулуктарын, кыргыз баласына өз ата-тегинде жазылып аталышын кайрып берген” — деген сөздөр жазылып, эмгегиңиз бааланарына ишенебиз. Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалап, өзүңүзгө чын ден-соолук, бакыт тилеп, кыргыз элиңиз менен тынчтыкта жашооңузду Кудайдан тилейбиз.

 

                                                                                                                             Асанкул Кадыракун уулу

 

Байланыш тел: 0 508 03-44-14.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!