Биринчи май райондук соту 1-ноябрда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди. 12-сентябрда УКМК Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.