Алыскы Нарын облусунун Жумгал өрөөнүндө өз эмгеги менен иш жүргүзүп, чакан өндүрүштү колго алган ишкерлерди көргөндө сыймыктанбай койбойсуң. Алардын бири – “Эмел” суу ишканасы. Алгач өз айылынын гана тургундарына минералдык сууну сунуштап баштаган ишкердин эмгеги бүгүнкү күндө республиканын ар тарабынан кардарларды тартып, күндөн-күнгө суроо-талапка ээ болууда. Биз учурда ишкананын бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн билүү максатында ишкананын өкүлү Азирет-Аалы Жакыпов менен маектештик.
— Азирет-Аалы мырза, “Эмел суу” ишканасы качантан бери иштеп келет?
— Биздин ишкана 2013- жылдын декабрь айында алгач сыноо иретинде ишке кирип, кийин 2014-жылдын жаз айларынан тартып толук кандуу иштеп баштаганбыз. Ошондон бери ишибизди акырындык менен жолго коюп келебиз. Башында продукциябызды 0,5, 1, 1,5 литрлик тараларда чыгарчубуз. Бирок техникалык жактан бул көлөмдөгү сууну чыгаруу бир аз татаалыраак болгондуктан, айыл жергесинде эң көп талап кылынган 1 литрлик бөтөлкөгө токтодук. Азыркы күндө “Эмел” суусу негизинен ушул таарада чыгарылат.
— Суунун “Эмел” деген аталышынын тарыхына токтолсоңуз.
— “Эмел” деген ат Жумгал өрөөнүндөгү белгилүү жайлоонун атынан алынган. Биздин суунун башаты бийик тоодогу мөңгүлөрдөн агып түшөт. Айылга чейин жер алдынан агып келип, союз убагында, тактап айтканда 1978-жылы адистер 214 метр тереңдиктен скважина казышкан. Ошол жерден бүгүнкү күнгө чейин суу чыгып турат. Суунун температурасы 24-25 градус ысык, табигый түрдө газ аралаш чыгат. Андан соң ал атайын фильтрден өткөрүлүп тазаланат. Биз суунун минералдык курамынын сакталуусуна өзгөчө көңүл буруп, бардык процессте мамлекеттик санитардык талаптарга толук жооп беребиз. Акырында суу муздатылып, кошумча газдалат да бөтөлкөлөргө куюлат.
— Сууну чыгаруудагы техникалык база кандай? Жабдыктарыңыздар талапка жооп береби?
— Ооба, быйыл, 2025-жылдын май айында жабдыктарыбызды толугу менен жаңылап, Кытайдан жаңы линияларды алып келдик. Бул үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 60 миң доллар насыя алдык. Фонд бизди буга чейин да колдоп, ар дайым жардам берип келет. Азыр мамлекет да өндүрүш ишканаларын колдоп, насыяларды төмөн пайыз менен берип, жергиликтүү бийлик да «Аймактарды өнүктүрүү” саясатынын алкагында бизге жакшы шарт түзүп берүүдө.
Суу өндүрүшүндө жабдыктарды 2–3 жыл сайын жаңылап турбаса, тез эле эскирип, иштен чыгып калат. Жаңы линияларды орноткондон бери өндүрүш толук автоматташтырылып, мурдагыдай көп адам күчү талап кылынбай калды. Натыйжада жумуш жеңилдеп, өндүрүштүн кубаттуулугу кыйла жогорулап, саатына 2500гө жакын бөтөлкө чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
— Продукцияңызды таратуу жагы кандай жолго коюлган?
— Биздин суу азырынча негизинен өлкөнүн түндүк аймагында жакшы өтүп жатат. Аймактардагы дистрибьюторлор түз эле заводго келип, продукцияны алып кетишет да, аны соода түйүндөрүнө жеткиришет. Ошондой эле каалаган адам келип, түз эле заводдон сатып алып кетсе да болот.
Жай айларынан бери борбор шаарыбыздын тургундарынан суроо-талап көбөйгөндүктөн, бул жакта да сатууну уюштуруп жатабыз. Ал эми азыркы заманда социалдык тармаксыз ишти жайылтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан “Эмел” суусун таанытуу багытында соцтармактар аркылуу да активдүү иш жүргүзүүдөбүз.
— Сатууга чыккан продукцияңыздар чыгымын актап жатабы?
— Ооба, продукцияны сатууда бардык чыгашаларды эсепке алып, анан соода түйүндөрүнө жеткиребиз. Суубуздун баасы да өтө жогору эмес болгондуктан, кардарлар үчүн жеткиликтүү. Биздеги негизги кыйынчылык – борбордон алыс болгондуктан жүк ташуу чыгымдарыбыз көбүрөөк. Ошентсе да рыноктогу баабызды туруктуу кармап келе жатабыз.
Биздин сууну ичип көргөндөр кайрадан сатып алып, туруктуу кардар болуп калышат. “Эмел” суусунун дагы бир артыкчылыгы – скважинадан чыккан жеринен түз эле бөтөлкөгө куюлушу. Кээ бир компаниялар сууну водовоздор аркылуу ташыйт. Мындай учурда суунун минералдык курамы төмөндөп, сапаты да өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бизде болсо бул коркунуч жок.
— Суунун дарылык касиети дарыгерлер тарабынан тастыкталганбы?
— Албетте. Курортология институтунун адистери биздин суунун пайдалуулугун изилдеп, атайын корутунду беришкен. Алардын айтымында, бул сууну ашказан, боор, ичеги, табарсык жана богок ооруларына пайдалуу деп ичүүгө болот. Айрыкча суунун курамында кальций көп болгондуктан, организмдеги суу балансын калыбына келтирүүгө жардам берет.
— Бишкектеги ири маркеттерден сууну көрө элекпиз. Алар менен кызматташпай жатасыздарбы?
— Азырынча биздин негизги өнөктөштөр – базарлардагы сатуучулар жана чакан дүкөн ээлери. Ал эми “Азия”, “Globus” сыяктуу ири маркеттер биз менен кызматташууга шашыла элек. Себеби, биздин бренд азырынча кеңири таанылган эмес. Бирок “Шекер” соода түйүндөрү бизге колдоо көрсөтүп, сууну өз дүкөндөрүндө сатышууда. Көп кардарлар “Силердин сууңарды ири маркеттерден издеп таппай калдык” деп чалышууда. Эми алдыңкы жылдары ишибизди дагы алга жылдырсак, бул дүкөндөр менен да кызматташып каларыбызга ишенем.

— Айрымдар сиздердин сууну “Боржоми” минералдык суусуна окшоштурушат экен. Бул тууралуу эмне дейсиз?
— Туура, биздин суу минералдык суулар катарына кирет. Тактап айтканда, хлориддик гидрокарбонат категориясына. “Боржоми” да ушул эле категориядагы суу болгондуктан, курамындагы окшоштуктарды кардарлар байкашат. Ошондуктан айрымдар “Эмелди” “Боржомиге” салыштырып жатышат.
Биздин суунун дагы бир артыкчылыгы – жумшактыгы. Бирок бир жагдайды айта кетсем, суу жер алдынан табигый түрдө келип жаткандыктан, анын курамын биз толук көзөмөлдөй албайбыз. Мисалы, кардарлар “Жазында ичкен суунун даамы башкача эле, жайында өзгөрүп кетиптир” деп айтышат. Бул табигый көрүнүш. Жаратылыштагы аба-ырайынын кургакчыл болушу, жамгырдын көп же аз жаашы, күндүн суукташынын баары суунун минералдык курамына таасир этет. Ошондуктан суу куюлган бөтөлкөнүн сыртына “минералдашуу деңгээли мынча граммдан мынча граммга чейин” деп көрсөтүлөт. Бул бир гана биздин сууда эмес, бардык эле минералдык сууларда боло турган табигый процесс.
— Жергиликтүү ишкерлер үчүн салык системасында кандай кыйынчылыктар бар?
— Биздин ишкана жеңилдетилген салык системасы боюнча иш алып барат. Салык төлөөдөн тышкары жергиликтүү элге социалдык жардам көрсөтүп туруу да салтыбызга айланган. Мисалы, өткөн жылы биздин ишкана турган Көк-Ой айылына 160 миң сом өлчөмүндө жардам бердик. Быйылтан баштап жергиликтүү бийликтин бюджетине келишимдин негизинде ай сайын 100 миң сом өлчөмүндө социалдык колдоо көрсөтүүдөбүз. Ошондой эле майрамдык даталарда социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө да колубуздан келген жардамды беребиз.
Азыркы учурда ишканабызда толук кандуу 13 адам эмгектенет. Албетте, алардын бардыгы жергиликтүү тургундар. Аз болсо да айылдаштарга жумуш орунун түзүп берип жаткандыгыбыз биз үчүн чоң сыймык.
— Ишкананы өнүктүрүү боюнча кандай пландарыңыздар бар?
— Алдыдагы максаттарыбыз чоң. Буюрса, жакынкы жылдары суубузду айнек идиштерге чыгара баштасакпы деп ойлонуп жатабыз. Анткени айнек идишке куюлган суу өзүнүн табигый сапатын дагы жакшыраак сактайт. Биз үчүн эң негизги сыймык – бул суунун сапаты. Ошондуктан айнек бөтөлкөлөрдү киргизүү менен суубуздун пайдалуулугун жана табигый касиеттерин мурдагыдан да мыктыраак сактап калсак деген ойдобуз.
Кенже Осмоналиева

