"Эркин-Тоо"

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 80 млн доллар берет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республик асынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы финансы каражаттарын республикалык бюджетке колдоо үчүн 80 млн АКШ доллар өлчөмүндө берет. Анын ичинде: 10,7 млн — грант жана 69,3 млн — кредит 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мезгилге 1% үстөк пайыз менен, негизги мезгилде 1,5% үстөк пайыз менен берилет.

Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!