"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Азия өнүктүрүү банкынын президенти Кыргызстанга келди

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Кандо иш сапары менен Бишкекке келди.

Масато Кандо иш сапарынын алкагында Борбор Азиянын аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БААЭК) «Жашыл жана санариптик БААЭК» темасында 24-министрлер конференциясына катышат.