Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия Кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапониянын курамасын жеңди.
Оюн 3:2 эсебинде кыргыз футзалчыларынын пайдасына аяктады. Кыргыз тараптан голду Самат Жанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди.
Кыргызстан С тайпасына Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен бөлүнгөн. Алдыда 20-апрелде Тажикстан, 22-апрелде Түштүк Корея менен беттешет.
Быйылкы мелдеш Бангкок шаарында 18-апрелден 28-апрелге чейин өтөт. Ага 16 команда катышууда.
Эске салсак, Жапония курама командасы Азиянын төрт жолку чемпиону. Кыргызстан бул мелдеште 2005-жылы коло байгеге ээ болгон.