19-октябрда саат 09:40та милицияга Asia Mall соода борборуна да жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, эвакуация иштерин жүргүзүп, соода борбор курчоого алынды. Учурда кинологдор бомбаны издеп жатышат. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИББден билдиришти.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери барышып, жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 09:00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Жогорку Соттун имаратына, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине дагы бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлердин баары эвакуацияланып, имараттар курчоого алынганы кабарланган.