"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кырсык Маанилүү

«Азиз» базарынан өрт чыкты

ӨКМ бүгүн, 15-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана штаб, ККББдан ыкчам топ тартылды. Жеринде өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин маалымдады.