"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Азиз Садырбеков президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Азиз Садырбеков президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, бүгүн, 23-ноябрда, Ысык-Көл облусунун башчысынын биринчи орун басары Уланбек Далиев, жаңы дайындалган аппарат жетекчи Садырбеков Азиз Садырбековичти жамаатка тааныштырды.

Белгиленгендей, мурдагы аппарат жетекчи Данияр Арпачиев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматтан кеткен.