"Эркин-Тоо"

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү

Кыргызстанда азык-түлүк, коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлиги билдирди. Институт өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам бере турган билимдин жана инновациянын борборуна айланмакчы.  «Институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы
алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү үчүн эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен активдүү кызматташуу пландаштырылууда.