Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экендиги аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Министрлик тарабынан Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүк продукцияларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продукцияларына болгон баа коңшу Казакстандын базар бааларынан 3,94%га жана Россиядан 7,9%га төмөн экендиги аныкталган.