Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мониторингинин жыйынтыгында белгилүү болду. Мониторинг нан азыктарынын, картөшкө, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалардын баасын камтыган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу Казакстандын бааларынан 7 пайызга жана Россиядан 8,8 пайызга төмөн экендиги аныкталды.