"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Азык-түлүк жарманкеси келерки жылдын июнь айына чейин улантылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен өлкөнүн бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери өтүп жатат.

Жарманкелерде азык-түлүктөр базар баасынан арзан сатылат жана ал 2026-жылдын июнь айына чейин уланат.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө негизги азык-түлүк түрлөрү боюнча тартыштык жок, кор жетиштүү.