"Эркин-Тоо"

АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТИШТҮҮ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин билдирүүсү боюнча өлкөбүздө азыктүлүк тартыштыгы жок.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азыктүлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, — деди Бакыт Төрөбаев. Анын маалыматы боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын, өсүмдүк майынын кору жетиштүү. Ал кумшекер боюнча да орчундуу маселе жаралбайт деп билдирди.

Быйылкы жылга карата «Кошой» жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлдү.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№114 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 30-декабры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!