Экономика министрлиги кабарлагандай, өлкөнүн бардык аймагында социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасына күчөтүлгөн тартипте мониторинг башталды.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча товарлардын базардагы баасы улам катталып тургандыктан, кайсынысынын наркы кескин өсүп кеткени дароо анык болот.
Социалдык маанидеги товарлардын тизмесине ун, нан, суу май, эт, кумшекер, жумуртка, картошка, сабиз, пияз жана башка күнүмдүк керектелүүчү азыктар кирет.
Министрлик билдиргендей, эгер кайсы бир сатуучу бааны негизсиз көтөрсө же мамлекеттик жөнгө салуу тартибин бузса, жарандар аймактык бөлүмдөргө төмөнкү номерлер аркылуу кайрыла алышат:
-
Борбордук аппарат (Бишкек): 0312 56 31 97
-
Чүй облусу: (312) 66 52 04
-
Бишкек шаары: (312) 66 49 44
-
Ош облусу: (3222) 5 50 97
-
Ош шаары: (3222) 5 63 42
-
Баткен облусу: (3622) 5 03 23
-
Талас облусу: (3422) 5 58 51
-
Ысык-Көл облусу: (3922) 3 18 86
-
Жалал-Абад облусу: (3722) 7 00 25
-
Нарын облусу: (3522) 5 09 53

