Канча мезгилден бери эле ата-энелерден мектептерде акча чогултуу маселеси кадимкидей эле милдеттүү түрдө болуп келди. Акысыз билим алуу ар бир жарандын конституциялык укугу. Мурда да ушундай болчу жана азыр деле ушундай. Бирок ага карабастан мектептерде ар кандай шылтоолор менен акча чогултууга көнүп калганбыз. Бул маселе коомчулукта ар кандай талкууну жаратып, айрымдар ата-энелер мектепке жардам бериши керек десе, айрымдар акысыз билим алуу Конституцияда жазылган, мектепке мамлекет каражат бөлүшү керек деген ойду айтып келишти. Чындыгында ар бир колунда бар ата-эне мектепке зарылчылык болсо кандайдыр деңгээлде жардам берүүгө макул. Кептин баары ошол ата-энелердин атынан сүйлөп, акча чогултууга демилге кылган ата-энелер комитетинин ашыкча иш-аракетинен улам акча чогултуунун ар шылтоосу табылып класстык фонд, мектеп фонду, кароолчу менен пол жуугучка жана башкага деп акча чогултуунун чектен чыгуусу коомчулукта нараазылык жаратып келди. Мурда менин балам окуган мектепте жогоруда саналган максаттардан тышкары сентябрда ремонтко деп 1200, кайра май айында дагы ремонтко деп кайра 1200 сом чогултуп алчу. Ай сайын банк аркылуу мектеп фондуна 600 сомдон милдеттүү түрдө сентябрдан баштап июнь айына кошо төлөп турчубуз. Кароолчу менен пол жуугучка өзүнчө бересиң. Ушунун баарын класс жетекчи же мектеп директору эмес ошол ата-энелерден чыккан активист бир-эки аял көзөмөлдөчү. Адатта алар класс жетекчиге жакын болушат. Акча чогултуп берип жүрүп жакындап алганбы же мурдатан тааныштыгы барбы аны ким билсин. Мектеп борбор шаарыбыздагы бирден бир мыкты мектеп болгондуктан 1-класска баргандар үчүн бардык эле жерде салтка айланган өзүнчө төлөмү (мектепке “кирүү акысы” деп койсок болот) да аз эмес эле. Албетте, мектепте акча чогултуу ар кайсы мектепте ар кандай суммада болчу. Кичине нысап кылып азыраак чогулткандар да болгон. Мына ушундай баш аламандыкка мамлекет тараптан мектептин чарбалык керектөөлөрүнө акча каралбаганы негиз болуп келген. Бардык эле мектептерде негизинен ата-энелерден чыккан активисттер акча чогултуунун демилгечилери болуп келгени ырас. Мектепте акча чогултуу маселеси көтөрүлгөндө мектеп жетекчилиги үчүн ата-энелерге шылтай салуу эң оңой жана негиздүү жооп болуп келди.
Коомчулуктун басымдуу бөлүгү мектепте акча чогултууга нараазылыгын билдирип келгенине карабастан бул ишти тыюуга мүмкүн болбоду. Министрлик канча ирет акча чогултууга тыюу салган буйруктарын чыгарды. Бул маселе парламенттке чейин көтөрүлүп эч жыйынтык чыккан жок. Себеби, бул көйгөй ар убак көтөрүлсө да мектептин чарбалык муктаждыгына акча каражаты бөлүнбөй, бул мектеп үчүн акча чогултууга “бет парда” болуп келди.
Азыркы бийлик бул маселенин чечилиши үчүн анын тамырын кыркып мектептерге чарабалык керектөөлөр үчүн өзүнчө акча каражатын бөлүү жолун тапты. Президент Садыр Жапаров өзү бул маселеге кийлигишип 2023-жылдын май айында “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын чыгарды. Жарлыкка ылайык 2023-жылдын жаңы окуу жылы үчүн мектептерге кеңсе жана чарбалык чыгымдар үчүн кошумча 55 млн сом бөлүнүп берилди. Жалпысынан айтканда 2023-жылга мектептердеги утурумдук оңдөп-түздөө, кеңсе жана чарбалык муктаждыктарга 215,6 млн сом бөлүнгөн.
Ал эми 2024-жыл үчүн республикабыздын мектептеринде утурумдук оңдөп-түзөө иштерине, кеңсе жана чарбалык чыгымдарга бюджеттен 609,4 млн сом каралган. Бул мектепти каржылоонун минималдуу ченемдерине туура келет, — деп билдиришти министрликтен.
Учурда мектептерде акча чогултуу маселеси актуалдуулугун жогото баштады. Бишкектин №102 мектепте баласы окуган ата-эненин айтуусунда азыр мектепте акча чогултуу кан буугандай токтогон. Мектепке бир тыйын да бербей калдык, — дейт ал. Албетте, бул жакшы. Бирок анда-мында ата-энелерден баягыдай эле акча чогултуулар болуп жатканын айтып, даттануулар боло калып жатат. Муну Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева да ырастады. “- Ооба, бизге арызданып кайрылгандар бар. Себеби, мектептеги ата-энелер комитети мугалимдер билбейт, директорлор билбейт дешип ачка чогултап жатканын айтып, башка ата-энелер келип жатышат. Министрлик Президенттин өткөн жылдын май айында чыккан Жарлыгына ылайык өзүнүн буйругун чыгарып, мектептерде акча чогултууга тыюу салган жана мугалимдер, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ага карабай акча чогултуу болуп жатат деген кайрылуулар бар. Ошол фактылар боюнча биз ал мектепке, ата-энелер комитетине эмне муктаждык үчүн акча чогултуп жатканын тактап, алардын аракети мыйзамсыз экенин түшүндүрүп жатабыз. Дагы бир жолу эскертебиз, азыркы учурда мектептеги чарбалык чыгымдар үчүн мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн. Демек, акча чогултуу мыйзамсыз болуп эсептелет”.
Мына көрдүңүздөрбү, кайра эле мектептеги баягы “активист” ата-энелер көнгөн адатын койбой акча чогултууга демилгечи болууда. Бирок ушул жерде бир чындыкты баарыбыз эле билебиз. Ал — мектепте акча чогултууну класс жетекчи же мектеп жетекчилиги билбейт, бул ата-энелердин ыктыярдуу түрдө каалоосу деген жылдап айтылып келген калптын дале иштеп жатканы. Эгер колунда бар ата-эне ыктыярдуу түрдө мектепке жардам бергиси келсе ал ар бир ата-энеге милдеттендирбей туруп берчүсүн өзү эле берет. Андай өтө аз. Ал эми ата-энелерден акча чогултуу ата-энелердин демилгеси деп үйрөнгөн адатын калтыра албай жаткандарга мыйзам алдында да, адамдык абийир алдында да өзүңөрдү бир күзгүнүн алдында карап койгула деп сунуш кылаар элек.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№16 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 27-февралы