Бүгүн, 3-февралда айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка карараганда, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре чейин жетиши мүмкүн.