"Эркин-Тоо"

Бүгүн Кыргызстандын улуттук курамасы Оман менен беттешет

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Омандын командасы менен беттешет.

Бул оюнда кыргызстандык оюнчулар оюн талаасына майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгышат. Иш-чара БУУнун Балдар фонду менен бирге 20-ноябрда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата уюштурулууда.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Бул оюндарга даярдануу үчүн башкы машыктыруучу Штефан Таркович 23 футболчуну курама командага чакырган.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!