"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 5-сентябрь күнү саат 08:30дан 14:00гө чейин айрым даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өчүрүү жылуулук тармагындагы үзгүлтүктөрдү жоюу максатында жүргүзүлөт.

Ысык суу убактылуу токтотула турган даректер:

  • Т. Саманчин көчөсү, №2

  • Т. Саманчин көчөсү, №4

Муниципалитет шаар тургундарынан жана абоненттерден жаралган ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.