"Эркин-Тоо"

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстан — Оман футбол курама командаларынын беттешин өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө саат 14:00 до 22:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилет:

  • Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсунө чейин;
  • Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды каттамды алдын ала пландаштырууга  жана мындай чараларга түшүнүү менен кароого чакырат.

Оюн саат 19:00дө башталат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!