"Эркин-Тоо"

Бүгүн футзал боюнча Азия кубогу башталат

 18-апрелде Таиландда Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогу башталат. Бул турнирдин 17-чыгарылышы.
Мында Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Кореянын командалары менен бир группада беттеше турган болду.
Оюндун Бишкек сааты боюнча графиги:
  • Япония менен Кыргызстандын беттеши — 18-апрелде саат 17:00дө;
  • Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши — 20-апрелде саат 13:00дө;
  • Түштүк Корея менен Кыргызстан — 22-апрель, саат 17:00дө өтөт.
Азия кубогуна 16 команда катышат, чейрек финалга сегиз команда чыгат.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!