"Эркин-Тоо"

 Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын үч спортчусу күчүн сынайт

Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын үч спортчусу күчүн сынап, Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Бекзат Алмаз уулу алгачкы беттешин өткөрөт. Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 57 кг чейинки салмак ченинде катышат.

Ошондой эле 9-августка караган түнү боксу Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт.

8-август чыгуу убактысы

15:00 – грек-рим күрөшү, 67 кг чейин.
Амантур Исмаилов — Мате Немеш (Сербия)

15:30 – эркин күрөш, 57 кг чейин, 1/8 финал

Бекзат Алмаз уулу — Мейрамбек Картбай (Казакстан)

01:30 – бокс 57 кг чейин, жарым финал

Мунарбек Сейитбек уулу — Хавьер Ибаньес Диаз (Болгария)

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!