Бүгүн, 21-январда планеталардын парадын жердин жашоочулары көрө алышат. Бул тууралуу Live Science билдирди. Окумуштуулардын айтымында бүгүн асманда Күн системасынын алты планетасы көрүнөт: Марс, Юпитер, Уран, Нептун, Венера жана Сатурн. Астрономдор бул кубулушту планеталардын чоң түзүлүшү деп аташат. Бул планеталардын парады асманда телескопсуз да көрүүгө болот. Бирок бул үчүн шаардан алысыраак, жарык булганбаган жерге барууга туура келет.