Бүгүн Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды

Бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды. Марафонду Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

Маалыматка караганда, марафондун байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

Эске салсак, эл аралык марафонго 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк күчүн сынашууда.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка жүгүрүшүүдө:

— Марафон — 42 чакырым 195 метр;
— Жарым марафон — 21 чакырым 97 метр
— 10 жана 3 чакырым;
— 3 чакырымга скандинавиялык басуу;
— 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

 

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!