ӨКМ 20-апрелде шашылыш билдирүү жасап, үшүк жүрүп, жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч келтирерин эскерткен эле.
Маалыматка ылайык жакынкы күндөрү 20-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болооорун жана абанын температурасы төмөндөөрүн да билдирген.
Өздүк булактардын билдиргенине таянсак бүгүн, 21-апрелде Таласта облусунда кар бурганактап жаап жатканын уюлдук телефонго тартылган видеодон көрүүгө болот. Ысык-Ата районун Новопокровка айылынын тургуну Нурмат Бейшеналиев Таласта кар жаап жатканын видеого тартып жөнөткөн.