Бүгүн, 13-майда Чолпон-Ата шаарында кезектеги жайкы туристтик сезондун ачылышы болот. Сезондун ачылышында Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт.
Ага Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү, жалпысынан 200дөй компания-ишкана катышат. Жарманкеге Россиянын беш ири туристтик компаниясынын да келиши күтүлүүдө.
Мындан тышкары, жарманкеден кийин улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө жана концерттик программа да уюштурулат.