"Эркин-Тоо"

Бүгүн желекти өзгөртүү тууралуу долбоор парламент комитетинде каралат

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 28-ноябрдагы жыйынында каралат.

Документтин авторлорнунун бири, депутат Улан Примов долбоорду биринчи маселе кылып кароо сунушун берип, депутаттар аны колдогон жок. Жыйынтыгында документ отурумдун аягында талкууланганы калды.

Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров да тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын буга чейин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!