Кезексиз жыйында «Кумтөр» маселесин талкууланып, ага президент Садыр Жапаров да катышары маалым болгон. Эскерте кетсек, 12-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия жыйын өткөрүп, анда Канаданын «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталганы айтылган. Ошондой эле «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан 11-майда чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал ортодо Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды.