Президент тарабынан демилгеленген «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзам долбоору Президенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга чыгарылды. Аталган мыйзам боюнча район акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтилип, кол тийбестик бериле турган болуп турат. Мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралат. Эгер долбоордун айрым өзгөчөлүктөрүнө кайрыла турган болсок, анда:
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин бир жетекчилик принцибинде жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (мындан ары — аким) жетектейт.
- Аким президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
- Акимдин кызмат орду саясий кызмат орун болуп эсептелет. Аким тиешелүү аймакта башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп эсептелет.
- Аким аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн президенттин жана Министрлер кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.
- Аким кол тийбестик укугуна ээ жана ал кылмыш жасагандын үстүнөн кармалган учурларды кошпогондо, кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө же жеке кароого алынышы мүмкүн эмес. Акимди жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурордун сунушу боюнча жана президенттин макулдугу менен жол берилет,-деп жазылган.