Бүгүндөн тарта ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.
«Бүгүн мамлекетибиз ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүн берип баштайт. Мурда жалпы жарандык паспорт Германия, ал эми ID-карта Түштүк Кореядан даярдалчу. Ал үчүн мамлекет чет элдик компанияларга 15 млрд сомдун тегерегинде акча каражатын жумшаган», — деп жазган Орунбеков.