"Эркин-Тоо"

БҮГҮНКҮ ЭГЕМЕНДИКТИН ПАЙДУБАЛЫ 100 ЖЫЛ МУРУН ТҮПТӨЛГӨН

14-октябрда Кара-Кыргыз автономдуу облусунун негизделгендигине 100 жыл болду. Анткени, 1924-жылдын 14-октябрында Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган. Ага ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жалпы Советтер Биримдигине кирген Россия Федерациясынын курамына киргизилген. Ал жүрүп отуруп, бүгүнкү эгемендүү Кыргызстанды түптөдү.

Бүгүнкү көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы пайдубалы боюнча сөздү ырааты менен баштасак, 1917-жылдагы революциядан кийин Совет бийлиги орноп, Түркстан крайында улуттук чек араларды аныктоо маселеси күн тартибине коюлган. 1920-жылы 27-августта Бүткүл Союздук БАКтын «Түркстанды администрациялык жактан бөлүштүрүү жөнүндөгү» токтому чыккандан кийин Орто Азиядагы улуттардын жана элдердин өкүлдөрү тарабынан өз алдынча советтик мамлекеттерди куруу демилгеси башталган. 1921-жылы большевиктик партиянын X съездинде улут маселеси коюлуп, СССРдин курамындагы элдердин улуттук турмуштук шарттарына дал келгидей советтик мамлекетти куруп, аны өнүктүрүү, жергиликтүү элдердин коомдук-саясий турмушунда, административдик башкаруу системасында, чарбалык органдарда иш кагаздарын эне тилинде жүргүзүү, жергиликтүү кадрларды өстүрүү сындуу маселелер каралган.

1921-жылы биринчи жолу Түркстан АССРинин курамында кыргыздардын өз алдынча административдик облусун түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Бул маселенин талаш-тартыштарга карабай коюлушунун себеби, кыргыз эли ар кайсы облустарга, уезддерге кирип, чачыранды абалда болушу, элдин социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жараткан. Экинчиден, облустук башкаруу структурасында казак жана кыргыз топторунун ортосунда карама-каршылык күчөгөн. Мындан башка дагы бир себеби болуп, 1920-жылы азыркы Казакстандын аймагында Кыргыз автономиясы түзүлгөн. Ага казактар Сыр-Дарыя менен Жети-Суу облустарын киргизүүгө жан үрөп, ал улут иштери боюнча Элкомсовдо жактырылган, жана эки облус тең казак автономиясына кирип калган.

РСФСРдин курамындагы Түркстан АССРи түзүлгөндө дагы кыргыздардын жалпы курамы бир облуска бирикпей, Түркстан АССРинин Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана жана Самарканд облустарында чачыранды абалда кала берген. Ушундай тарыхый кырдаалда кыргыз элинин келечеги бүдөмүк болуп, улут катары өз алдынча түтүн булатпай, жоюлуп кетүү коркунучу жаралган. Чынында эле кыргыздар опурталдуу учурда турган, казак менен өзбек элине сиңип кетүүсү мүмкүн эле. Ошондо Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Турдалы Токбаев, Касымбай Телтаев, Жусуп Абдрахманов өңдүү кыргыздын белдүү уулдары улуттук автономияны түптөөгө аракет кыла баштаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүүнү көздөгөн кыргыздын ошол кездеги саясий элитасы бул тарыхый процессте улуттук кызыкчылык үчүн жан аябай киришкен. Бирок, туш тараптан жасалган каршылыктардан улам алгачкы аракеттерден жыйынтык чыккан эмес.

Кыргыз элинин улуттук суверенитети жөнүндө маселе татаалдашып, өз алдынча советтик мамлекет түптөөсүнө тоскоолдук көбөйүп, коркунучтуу абал түзүлгөн. Бирок, алакан жайып, тизе бүкпөстөн, 1922-жылы март айында Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Сыдыков баштаган кыргыздын кыраандары кайрадан Тоолуу облус түзүү боюнча маселени көтөрүп чыгышкан. Анын негизинде 25-мартта Түркстан КП(б)нын Борбордук комитети Жети-Суу облусун райондоштуруу жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, Прежевальск, Нарын, Пишпек жана Аулия-Ата уездинин тоолуу бөлүктөрүн камтыган Түркстан республикасынын курамындагы Тоолуу облусу түзүлгөн. Бирок, “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” дегендей, Тоолуу облустун түзүлгөнүнө Р.Кудайкулов баштаган топ каршы чыгышкан.

Кыргыздын ичин жиреп чыккан Кудайкуловдун тобун Ташкенттеги казак жетекчилигинин бир нечеси колдоого алып, “кыргыз эли казактардын эле бир бөлүгү» деген көз карашты бекем карманып, аны тегерек-четке жайылтышкан. Бул талаштын масштабы кеңейип отуруп, Сталинге чейин жетип татааалдашкан. Партиянын Жети-Суу обкому 1922-жылы 4-июнда Пишпекте уюштуруу съездин чакырып, бирок Сталиндин көрсөтмөсү менен съезд таратылган. Жыйынтыгында, 1922-жылы декабрда РКП(б) Борбордук Комитети Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча мурун кабыл алынган чечимди жокко чыгарган. Бул жеңилүүгө барабар эле. Бирок, күрөш токтогон эмес, кыргыздын чыгаандары аракетти улантып, тынымсыз кайрылууларды жолдоп отурушкан.

Багыбыз бар экен, кыргыз интеллигенциясынын аракетин Кудай колдоп, 1923-жылы СССРде улуттук автономияларды түзүү жана улуттардын тең укуктуулугу боюнча маселелер кайра карала баштаган. Анын негизинде Түркстан АССРинин курамындагы кыргыз элине автономиялуу облус статусун берип, мурункудай Түркстан АССРинин эмес РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөн. Бул 1924-жылдын 14-октябрында Советтердин Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясынын улуттук чек араларды бөлүштүрүү жана РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтому менен бекитилет. Ошентип, тыным албаган мээнеттин акыбети кайтып, жалпы кыргыз журту чоң жеңишке жеткен.

Тилекке каршы, ичтен чыккан ириткилер жөн жатпай, чечимге каршы чыгып, Ж.Абдрахманов менен Р.Кудайкуловдун тобунун ортосундагы тиреш күчөгөн. Тоолуу кыргыз облусунун түбүнө жеткен Рахманкул Кудайкулов, Дүйшөналы Бабаханов, Ы.Тойчуновдор Кара-Кыргыз автономиялуу облусун Казак АССРинин курамына киргизебиз деген аракетти баштаган. Ал эми Ж.Абдрахманов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков, И.Арабаевдер Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу түздөн-түз РСФСРге кириши керек деп бекем туруп, зор кыйынчылыктар менен жеңишке жеткен. Чындыгында, кыргыздар казактардын же башкалардын курамына кирсе өз алдынча өнүгүүсүнө тоскоол болмок, кысымдын арты менен улуттун келечегине балта чабылмак. Азыркы каракалпактардай өз жерибизге өзүбүз ээ болбой, жүрүп отуруп аз санды түзүп калмакпыз. Ансыз да 70 жылдык Союздун идеологиясында Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда калган жүз миңдеген кыргыздар өз тилин унутуп, ошолордун катарына сиңип кетти. Эгер Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кошуна турган өлкөлөрдүн бирине кирип кеткенде, дагы далай улутташыбызды жоготмокпуз. Бүгүнкү эгемен Кыргызстан түзүлбөй калмак.

1924-жылдын 14-октябрында Москва Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган, ага ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун большевиктик-партиялык жетекчиси болуп М.Каменский, облустун Революциячыл комитетинин төрагалыгына И.Айдарбеков бекитилген. Кара Кыргыз автономиялуу облусуна Түркстан АССРинин Жети-Суу облусунун Каракол, Нарын, Пишпек, Анжиян уездинен 10; Фергана облусунун Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уездинен 9, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аймагы 195,7 миң чарчы чакырым, калкы 737,3 миң адамды түзгөн, анын ичинде 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон.

1925-жылы май айында РСФСР ББАКтын чечими менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун «карасы» алынып, Кыргыз автономиялуу облусу болуп өзгөргөн. 1926-жылы 1-февралда Кыргыз АССРи болуп, 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз ССРи болуп түзүлдү. 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасы болуп, эгемендүү мамлекетке айланды.

31-августта Президент Садыр Жапаров: “Биз үчүн Эгемендик – абдан маанилүү, абдан кымбат улуу күн! Анткени бабаларыбыз дал ушул эгемендик үчүн кашык каны калганча салгылашып, Ата Мекен, эл-жер жана урпактардын келечеги үчүн жан кыйышкан. Ал эми Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана башка мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталарыбыз ары татаал, ары курч саясий күрөштөргө өз өмүрлөрүн тобокелге салып жүрүп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүшкөн”, – деди. Чындыгында эле А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, И.Арабаев, А.Орозбеков өңдүү кыраандарыбыз Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү менен кыргыздын өзүн бир өзөккө бириктирип, ошол эле маалда бүгүнкү эгемен мамлекетти түптөп беришти. Аталардын бул ак эмгегин эч качан унутпай, ар дайым эстеп жүрүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз. Алардын канжыгага башын сайган аракети, талбаган мээнети менен түптөлгөн бүгүнкү жаркыраган мамлекетте жашап жатабыз. Жараткан мындан аркы жакшылыгын кут кылсын.

 

                                                                                                                                Зулпукаар Сапанов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!