Быйылкы жылдын сентябрь айында Баткендеги чек ара окуясында курман болгон Дастан Анарбековдун сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду. Жоокерди түбөлүк жайына коюу иш-чарасына Президент Садыр Жапаров катышты.
Мамлекет башчысы Дастан Анарбековдун ысымы Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин элеси катары элдин эсинде түбөлүккө сакталарын баса белгиледи. “Мекен үчүн жан берүү – эрдиктин жеткен чеги! Дастан аскердик антына бек туруп, Мекен үчүн, улуу кыргыз элинин бейпилдиги үчүн, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, чек арабыздын кол тийгистиги үчүн душман менен кармашып жатып шейит болду. Жаткан жери жайлуу болсун!”,- деди Президент Садыр Жапаров.
Дастан Анарбековдун сөөгү буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына аскердик сыйурмат көргөзүү менен жерге берилди.
“Достук” чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков 16-сентябрда Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№114 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 30-декабры