“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары суракта

«Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн эртең менен УКМКга 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу чакырылды. Ал документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстанда 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган.

Былтыр октябрда Президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.

Бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы да УКМК саат 16.00го суракка чакырганын билдирди.

Эске салсак, былтыр  2021-жылдын сентябрь айында милиция Нарматованы  Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст