Учурда өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат. Каттоо аяктаган соң, май айында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тесттен өтүшөт. Бирок, өткөн аптада Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу дал ушул ЖРТ тестинин түзүлүшүнө нааразычылыктар көп экендигин парламентте айтып, Билим берүү жана илим министрине аны мектеп программасына дал келтирүү боюнча тапшырмасын берди. Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева да Төраганын сөзүнө толук кошула тургандыгын айтып, коомчулукту таң калтырды.
Негизи бул тест өлкөнүн билим берүү системасына 2002-жылы киргизилип, 23 жылдан бери иштеп келет. Биз тестти түзүп, окуучулардын билимин аныктаган Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеевага кайрылып, «Чын эле 2002-жылдан бери бүтүрүүчүлөр мектеп программасына дал келбеген тесттен өтүп жүргөнбү?» — деген суроону койдук.
— Чынар Эбишовна, сиздин борбор түзгөн тесттин мектеп программасына дал келбестигине нааразычылыктар айтылып, маселе парламентте Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тарабынан көтөрүлдү. Кызыгы, министр Догдургүл Кендирбаева да аны танган жок. Бул сынды кандай кабыл алдыңыз?
— Буга чейин да Каныбек Иманалиев Билим берүү жана илим министри болуп турган кезде тесттин мектеп программасына дал келбестиги айтылып, маселе көтөрүлгөн. Анда тестти экспертизадан өткөрүү чечими кабыл алынып, атайын комиссия ар бир тапшырманы изилдеп чыккан. Ага чейин да 2 экспертиза өткөрүлүп, тесттин мектеп программасынан алынгандыгы далилденген. Азыр да түзүлгөн ар бир тапшырма мектепте окутулган сабактардан тышкары түзүлбөй тургандыгына мен кепилдик берем. Биз ар бир тапшырманы кайсы класста, качан өтө турганын да далилдеп бере алабыз. Менимче, Төрагага тест тууралуу маалыматтар так жетпей жатат деп ойлойм. Кыргызстандын жалпы республикалык тести КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң мыкты деп эсептелет. Айрым өлкөлөр келип биздин моделди көрүп, өздөрүнө үлгү кылып алган учурлар бар.
— Анда эмне үчүн министр Догдургүл Кендирбаева Төрагага жооп берип жатып, “Сизге толугу менен кошулам. Азыр дал ошол маселенин үстүнөн иштеп жатабыз” — деди?
— Жакында 12 жылдык билим берүүгө өтө турган болсок, тест ошол программага ылайык кайра иштелип чыгат. Министр айым ушул маселе тууралуу айтса керек. Эгер мектеп программасы өзгөрсө, сөзсүз тест ага ылайык кайра түзүлөт. Негизи тест жыл сайын кайра-кайра түзүлөт. Кайталанма учурлар деген болгон эмес.
— Айрым жакшы окуган балдардын көрсөткүчтөрү төмөн болуп, алар жогорку окуу жайга тапшыра албай калган өкүнүчтүү жагдайлар катталып калат. Эмне үчүн? Эгер бала мектепте жакшы окуса, ал тестти да жакшы тапшырышы керек эле?
— Жакшы окуган окуучу бул “5” деген баага окуган окуучу да туурабы? Ал “5” деген бааны кантип алган? Маселе ошондо. Негизи, өтүлгөн сабакты терең түшүнүү маанилүү. Эгер бала теманы жаттап алып, таза кийинип, тартип бузбай, сабакка активдүү катышып жүргөн болсо, ага мугалим “5” деген бааны коёт. Кээ бир балдар спорттук иш-чараларга активдүү катышышы мүмкүн. Анда да мугалимдер окуучуну көтөрмөлөп, жакшы баа коюп бериши ыктымал. Айрым балдар активдүү болбогону менен теманы түшүнүп, аны турмушта колдоно алышат. Алсак, “Отунду жарганда кайсы бурчтан уруп, жарышы керек?” — деген тапшырманы атасы менен көп эмгек кылган бала аткарып, бешке окуган бала аткара албай калышы мүмкүн. Эгер бала өз алдынча анализ жүргүзө алса, салыштыра билүүсү жакшы болсо, эрежелерди пайдалана билип, эсепти чыгара алса, тестти ийгиликтүү тапшырат.
— Демек, бул балдардын күнүмдүк алган билимин эмес, логикалык ой жүгүртүүсүн текшерген тест экен да?
— Тесттин максаты ошол. Эгер бала теманы жаттап алып, билимин турмушта колдоно албаса, андай билимдин пайдасы жок. Азыркы учурда интернетте маалыматтын баары бар. Кнопканы басып коюп билим алуу жарабайт. Биз басымды билимдин көлөмүнө эмес, аны колдоно билүүсүнө жасашыбыз зарыл.
— Тестти кимдер иштеп чыгат?
— Тест биздин борбордо түзүлөт. Аны өз ишин мыкты билген, коррупцияга аралашпаган мугалимдердин, илимпоздордун тобу бир жыл аралыгында иштеп чыгат.
— Бишкек шаарындагы ЖРТга даярдоо курстары менен сиздердин кандай байланышыңыздар бар? Алар сиздердин тесттин мазмундарын кайдан билишет? Анткени, ошол курстарда окуган балдар, кыздар ЖРТдан өтүп кетишет. Бул мага тыкыр түзүлгөн бизнестей сезилет.
— ЖРТга даярдоо курстары менен биздин такыр байланышыбыз жок. Тест 23 жылдан бери иштеп келе жатат. Анын өзүнүн түзүлүшү бар. Биздин сайтта атайын бекер сабактар, видео сабактар да бар. Курстар ошол сабактардын негизинде эле иштеп, балдарды даярдыктан өткөрө беришет.
— Бир ЖРТга даярдоо курсу 4000 сомдон, 15 миң сомго чейин сатылат. Бүтүрүүчүлөр “тесттен кулап калбайлы” деп аргасыздан аларга барышууда. Эгер алар менен байланышыңыздар жок болсо, эмнеге каршы турбайсыздар?
— ЖРТга даярдоо курстары жаңыдан башталып жатканда министрликке кайрылчубуз. Курстардын өзүнө да барган учурлар болгон. Алардын балдарга кандай билим берип жаткандыгын текшергенибизде, мектеп программасын эле кайра окутуп жаткандыгы аныкталган. Бирок, алар министрликтен лицензия алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Андыктан, эч кандай каршылык кыла алган эмеспиз. Эмне үчүн мындай абал түзүлдү? Анткени, мектептеги билим чабал. Бүтүрүүчүлөр мектепте алган билимине ишенбей, өздөрү ошол курстарга барып жатышат. Эгер окуучулар мектеп программасын жакшы, терең өздөштүргөндө, муктаждык болмок эмес.
— Мектеп мугалимдерин тесттин мазмунуна жараша окутуп, балдарга мүмкүнчүлүк түзүп берсе болбойбу? Балдар айылдан атайын шаарга келип окуганы туура эмес го. Азыр айылдан 11-класстын программасын окугандын ордуна Бишкек шаарына келип, курстарда окуп жүргөн балдар арбын.
— Биздин мектеп мугалимдерин окутканга такыр мүмкүнчүлүгүбүз жок. Борбордо иштеген кызматкерлер региондорго чыгып кете турган болсок, иш токтоп калат. Андыктан сайт түзүп, ага негизги керектүү сабактарды киргизгенбиз. Аларды 11-класстын мугалимдери окуучулар менен бирге көрүп, даярдана турган болсо, тестти ийгиликтүү тапшырса болот. Сөзсүз акча коротуп, шаарга келип окуунун кереги жок. Болгону бала мектепте окуп жатканда программаны терең түшүнүшү керек. Ага мугалимдер жардамга келиши зарыл. Бирок, мугалимдердин жетишсиздиги, китептердин жоктугу сыяктуу көйгөйлөр маселени оорлотуп жибериши ыктымал. Ушул факторлордун баары биригип келип, балдар ЖРТга даярданыш үчүн курстарга баш багып жатышат. Менин анализим боюнча ЖРТдан билимге умтулган, окуйм деп дилгирленген балдар өтөт.
— Сиз тестти түзгөн адистер сырттан келип иштешет деп айттыңыз. Мындайда анын мазмуну сатылып кетет деген коркунуч жокпу?
— 20 жылдан ашуун убакытта бир дагы коррупциялык иш катталган жок. Анткени, тесттин жашыруундуулугун сактоо боюнча көп процедуралар бар. Биз тестти түзө турган адистерди тыкыр изилдеп алабыз. Тест түзүлгөн учурда тапшырмалар дароо ошол жылдагы тестке кирбейт. Алар жалпы тапшырмалар банкына түшөт. Ал жерден менин тапшырмам башка беш адистин колунан өтөт. Менин түзгөн баштапкы тапшырмам кийин кандай болуп өзгөртүлгөнүн мен өзүм билбей калам. Ал тапшырма качан, кайсы тестте колдонуларын да билбейм. Мүмкүн ал пособиеде колдонулуп калышы мүмкүн. Тесттер даярдалып, аймактарга кеткен учурда алардын жообу эч кимге белгисиз болот. Эгерде биз ачкычтарын алдын ала берип койсок, анда тесттер сатылып кетиши ыктымал. Тест бүтөт, андан кийин жооптор чогултулуп келип, сканер аркылуу компьютерден өткөрүлөт. Жооп барактары дискке салынат. Алар банк ячейкаларына салынат. Ячейкага салынган ачкыч биздин мекемеде болбойт. Ал министрликтин бир өкүлүнө, экинчи ачкыч эл аралык мекемелердин бир өкүлүнө тапшырылат. Бирок, алар сейфти 3 киши болуп гана ача алышат. Ошондой оор процедуралардан кийин гана ачкычтар түзүлүп, ар бир адамдын жообу компьютерге түшүрүлөт. Компьютер баланын канча балл алгандыгын автоматтык түрдө эсептеп берет.
Жазгүл Кенжетаева