"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бүгүн, 1-сентябрда жаңы окуу жылы башталды

Бүгүн, 1-сентябрь — Билим күнү. Өлкө боюнча бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы салтанаттуу түрдө башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстан боюнча жалпы 2 384 мектеп иш алып барат. Алардын босогосун быйыл 1,5 миллиондон ашык окуучу аттап, билим алууга киришти.

Жаңы окуу жылында бул окуучуларга 93 миңден ашуун мугалим сабак берет. Мугалимдер жамааты билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ар бир балага татыктуу билим берүү максатын коюшууда.

Мектеп босогосун жаңыдан аттаган биринчи класстын окуучулары үчүн бүгүн өзгөчө күн. Алар үчүн атайын даярдалган салтанаттуу иш-чаралар өтүп, биринчи коңгуроо жаңырды.

Жаңы окуу жылы бардык мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди алып келсин!