Бүгүн, 15-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча беттештер башталат.
Жалпы 4 салмак категорияда медалдар ойнотулуп, Кыргызстандан 70 килограмм салмак категорияда Эрназар Акматалиев жана 79 килограмм салмак категорияда Арсалан Будажапов беттешет.
Эрназар Акматалиев алгач 1/8 финалдан баштайт. Ал эми Арсалан Будажапов 1/16 финалда Франциялык Сайфедин Алекма менен күч сынашат.