Бүгүн, 25-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41°, Талас өрөөнүндө 34…39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42°, тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36°, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19°, жылуулукка чейин көтөрүлүшү мүмкүн.