"Эркин-Тоо"

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Бүгүн, 2-майда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майда саат 10:00дөн 23:00гө чейин 11-кичирайондогу таза суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын төмөнкү бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондору, Көк-Жар конушу менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!