Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында дзюдо боюнча мырзалар жана кыз-келиндер арасындагы Азия жана Океания чемпионаты башталат.
Бүгүн 5 комплект медаль ойнотулат. Татамиге Кыргызстандын атынан 9 спортчу чыгат.
Чемпионат саат 10:00дө башталат, ал эми салтанаттуу ачылыш аземи саат 16:00дө өтөт.
6-апрелдеги программа:
- 60, 66 кг салмакка чейинки мырзалар күч сынашат;
- 48, 52, 57 кг салмакка чейинки кыз-келиндер беттешет.
Финалдык беттештер саат 17:00дө өтөт.