"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Бүгүн мигранттардын Орусияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруунун акыркы күнү

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Орусиядагы мигранттардын өлкө аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча мөөнөт аяктайт.

Белгилүү болгондой, 2025-жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым категорияларынын өлкөдөн чыгаруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар күчүнө кирген.

Ага ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш болгон бардык чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясынан өз алдынча чыгып кетүүгө же укуктук статусун жөнгө салууга милдеттүү болгон.

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президентине биздин жарандардын Россиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Мындан улам бул мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.