Бүгүн, 22-августта Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.