"Эркин-Тоо"

Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Бүгүн, 2-майда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жарандар электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

Эскерте кетсек, декларациянын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!