Конституциянын акыркы редакциясынын авторлорунун бири Бекбосун Бөрүбашов аялдарга жана балдарга карата жасалган оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Бул үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, мындай демилгени президент референдум аркылуу көтөрө алат жана аны парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар.
“Аялдарга жана балдарга карата жасалган оор кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартуу керек. Эл аралык нормаларды Конституцияга өзгөртүү менен кыйгап өтсө болот. Албетте, адам укугун айтып каршы болгондор чыгат. Бирок кылмышкерлер башкалардын укугун бузганда алар унчукпайт. Мыйзам коомдун кызыкчылыгына жооп бериши керек”, — деди Бөрүбашов.
Ал белгилегендей, дүйнөнүн бир катар мамлекеттери, анын ичинде АКШнын 30дан ашуун штаты өлүм жазасын колдонуп келет.
Кыргызстанда өлүм жазасына 2007-жылы тыюу салынган. Бул маселе коомчулукта кайталанып талкууга алынып келет, айрыкча зордук-зомбулук фактылары күчөгөн учурларда.